«Денемди сатып тапкан акчам менен өзүмдү эле эмес, бир туугандарымды да багып келем»

0
791

Пандемия кимге жакты мага жаккан жок. Анткени менин жумушум токтоп калды. Төрт жылдан бери элиталар менен сыртка чыгып эс алуу менен акча таап келчүмүн. Тактап айтканда элита сойкусу болчумун. Балким мени жаман көрүп каргайт болсоңор керек бирок мен өзүмдүн баскан жолумду туура деп эсептейм. Мага негатив комментарий жазган адам алдыма аш коюп бермек беле. Мен азыр тапканым менен өзүмдү эле эмес, бир туугандарымды, алардын балдарын ачка калтырбай багып келем. Мага окшоп денесин саткандар кыргызстан ичинде араң 1000 сом тапса мен айына 1000 доллардан ашык табам. Бул жолго келгенче канчалаган азапты тарттым аны эч ким билбейт. Окууну бүткөнү базарларда жайгашкан ашканаларда идиш-аяк жууп, ар кимге кор болуп жүргөм. Мени аяп кой бул да бирөөнүн баласы деген эркек болгон жок. Кээде бекер колдонуп да кетишчү. Акыры мен сойкуга айланып калганымды түшүнгөндөн кийин сауналарга массажист болуп жумушка кирип алгам. Ал жакта бир аз шартым жакшырды. Менин бактым да ошол жактан ачылды. Мага дайыма келген кардар киши мага эскрорд жумушу бар экенин айтып калды. Көрсө Кыргызстандагы кыздарга эскордница болуп чыгышына ал жардам берип анын эсебинен бай жашайт экен. Шарт эле макул болдум. Бир ай иштегенден кийин пластикалык операциянын жардамы менен көздөрүмдү бадырайтып, эрдимди көлөмдүү кылдым. Фитнес клубдарга тынбай бара баштадым. Албетте аракеттенип турсаң сулуулардын катарын толуктайт экенсиң, чачы майланышкан бетинде безетки баскан тултук бүтүк кыздан сулуу аялга бир жылда айландым. Азыр баягы мени тебелеп шылдыңдап кеткен эркектер менин эмес машинамдын дөңгөлөгүнө да жакын жолоодон коркот болуш керек. Кымбат машинага тийип алып чөнтөгүндөгу эки сомун берип өзү темир тор артына түшкүсү келбейт да. Азыр мен алардан өч алгым келет. Идиш жууп тапкан акчамды тартып алып, мени пайдалангандарды бирден өлтүргүм келет. Мен жыгылдым, жаман жолго бастым бирок, турганда мага эч ким бут тосо албаган абалда турдум. Чек аралар жабылганы үйдө жатып, баягыдай аралдарга эс албай калганга эскилер эсиме түшүп аларга болгон кегим ызам көбөйүп жатат.

KOMPROMISS.KG

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here