Назира Айтбекова: «Беш маал тизе бүгөбүз, бирок руханий жактан тизе бүккөн башка»

0
216

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова кыргыз эли тууралуу өзүнүн “жөн эле ойлору” менен бөлүштү.

“Болуп көрбөгөндөй сонун элбиз! Таланттуубуз! Пластилин сындуу тилибиз да оңой өтөт башка тилге. Кандай гана жумуш болбосун майын чыгара жасайбыз. Кандай гана өнөр болбосун үйрөнүп кетебиз! Кичипейил, меймандос…

Айтор, кыйынбыз. “Хорошие данные” дейт го орустар. Камырыбыз, сөөгүбүз жакшы, бирок иштегенди жактырбайбыз. Өзүбүздүн үстүнөн иштеп, өнүгүп, өсүп деген аз. Анан отко айдаса, бокко качкан адатыбыз бар. Тоң моюн, кежирдик, оңой менен сынбайбыз. Кекерленип, төш кагып турабыз, көчүк ачык, шамал болуп атса деле. “Намыс” деген нерсени туура колдоно албай убарабыз. Кереги жок, ийилчээк болчу жерге колдонуп, кыйынбыз да. Бирок жашоо жакшы эле ийлеп атат. Төпөштөп, сабап, тумшукка коюп, итке мингизип, башка өлкөдө даараткан жуугузуп, тентитип, эзмекан бийлик берип.

Тобоо келтирип, шүгүр деген, Жараткандын алдында тизе бүгүп, акыл токтотуп, бир өзүбүзгө келип алсак ээ? Беш маал тизе бүгөбүз, жума күнү кыдырата тизилип алып бүгөбүз, бирок физикалык жактан гана бүгүлөт ал. Аңдабай эле автоматтык түрдө жасайт адам. Чыныгы руханий жактан, дилиң менен тизе бүгүү башка. Менменсиген эгоңду катып туруп, адамдык касиетиңди бийик чыгарып, рухуңду тазалап туруп бүгөсүң. Андай адам “Мен кыйын” деп төш какпайт. Бирөөгө бир нерсе далилдебейт. Бирөө жакшы ойлоп калсын деп да жасабайт. Анын дүйнөсүндө ал жана Жараткан жашайт. Тунуу башка. Жүрөгүң менен адам болгон башка. Адам көрүнгөн башка.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here