Жакында Абылгазиев дагы камалышы мүмкүн

0
55
Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн кармалды. Бул боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келтиргени үчүн айыпталууда. Башында эле Чолпонбаевдин ишмердигине карата сын пикирлер курчуганы, пандемияга каршы даярдыктар жетишсиз болгону, кызматтык милдетин жеткиликтүү аткарбаганы белгилүү эле. Натыйжада, камакка алынды. Мындай ой- шартта экс-премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиевдин да жоопкерчилиги оркоюп турат. Демек, дагы бир топ чиновниктер менен Абылгазиев да камалышары мүмкүн. Мамлекеттик деңгээлдеги шалаакылык, коррупциялык иштерди бир министр гана жасай албайт эмеспи. Андагы өкмөт башчы жана вице-премьерлер, министрлер да жооп бериши шарт!
                                                                                                                                                                                                                               Arуba.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here