Картаң саясатчыга жаштыгымды бергениме өкүнөм.Эми кантем?

0
299
Журналисттик кесипти аркалагандан бери көп эле тажрыйба топтодум. Өзгөчө эркектердин башын айландырам. Өңдүү-түстүү болгонум үчүн азыр да кызыккандар толтура. Жашым кыркка жакындап калды.
Бирок, өкүнгөн жайым бар. Бир топ жылдан бери саясатчы менен
жылуу мамиле кылып келем. Чөйрөбүздөгүлөр шекшип да калышкан. Атайын кызматтар дагы билип алышканына таңгалам. Эл көзүнө коркпогондой түр көрсөтөм. Бул киши белгилүү болгондуктан этият мамиле кылам…
Менин жашоомдо дагы бир жаш жигит пайда болду Аны азгырып, өзүмдү
алаксытып жүрөм. Төрөгүм келет. Бирок тиги «карт карышкырдан» айбыгам. Укса жаман кылат. Ошентип, жашым өткүчө төрөм алууну пландап, ишке ашыруум керек. Же боюма бүтүрүп алган соң, Казакстанга иштемиш болуп кетип, жаш жигиттен төрөп келсемби? Азыр кимдин-ким менен иши болмок эле? Ар ким өзүнүн бактысы үчүн күрөшкөн заман да…
Атын жазууну каалабаган журналист айым
Aryba.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here