Коронавируска каршы вакцинанын баасы канча турат?

0
295
 Коронавируска каршы вакцинанын баасы аныкталды. Бул тууралуу CGTN басылмасы билдирди. Маалыматта, China National Biotec Group (CNBG) аттуу кытайлык фармацевтик компания эки вакцинанын баасы канча турарын ачыктады. Алардын билдирүүсүндө вакцина иштелип, ушул жылдын декабрь айынан тартып сатыкка чыга баштайт.Эки дозалык вакцина 1000 юань (сом менен 11646,33 сом болот) турарын айтышты.
Азыркы учурда вакцинаны сыноонун үчүнчү фазасы өтүп ага 10 ашык мамлекеттин жарандары катышат. Мында вакцина жыйынтыктуу түрдө жардам берип анын ден соолукка коркунуч жаратпай турган жактарын карап жатышат. «Коронавирус коркунучу жогору делген өлкөлөргө сыноо катары жибергенбиз. Вакцинаны колдонгон адам экинчи жолу ооруган жок. Бул вакцинанын жыйынтыктуулугун билдирет»-деп билдирүү кылышкан. Сыноо учурунда бейтаптар вакцинаны эки же төрт жума аралыгында эки жолу кабыл алышкан. Аларда вакцинанын кийин жети күн өткөндө антитела иштеп чыга баштаганын байкашкан. Фармацевтик компаниянын жылдык чыгаруу планында 300 млн. доза берилген бирок алар эки-үч айдан кийин 1, млрд. доза чыгарууну белгилешүүдө.
Аргумент.кж 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here