Төрт баласын муунтуп өлтүрүп, күнөөсүн мойнуна алып милицияга барган

0
138

Аял төрт баласын муунтуп өлтүрүп, күнөөсүн мойнуна алуу үчүн полицияга барган. Бул тууралуу «Радио Озоди» жазып чыккан. Маалыматта, окуя Тажикистандын Хатлон облусунунда 9-сентябрда катталган. Назокатхон аттуу аял окуя болоор алдында эки күн мурун агасыныкына конокко барып келген. Келгенден кийин күйөөсү жумушка кеткенден кийин 10,8, 4 жашар бир жашар баласын муунтуп өлтүрүп койгон. Убакытты көпкө созбой полицияга барып балдарынын баарын муунтуп өлтүрүп үйгө таштап койгонун айткан. Алгач полиция кызматкерлери ишенбегени менен аялдын үйүнө текшерип коюну туура көрүшкөн. Чынында эле үйдө эчак денеси муздап калган балдар катарлаш тизилип жатканын көрүшкөн. Учурда аял убактылуу кармоочу жайга киргизилип тергөө иштери башталды

ARGUMENT.KG

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here