(ВИДЕО) «Супертайфун» Японияны талкалап кетти

0
477
epa08651910 Large waves break over a coastal wall at Imwon harbor in Donnghae, Gangwon-do province, South Korea 07 September 2020. According to the Korea Meteorological Administration (KMA) on 07 September, Typhoon Haishen is heading northward to the South Korean port city of Busan, bringing heavy rains and strong winds to the nation. EPA-EFE/JEON HEON-KYUN

Япониянын Кюсю аралында Хайшен супертайфуну ургандан кийин 430 миңге жакын үй электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалым болгондой, бийлик жээктеги шаарлардан эки жүз миңден ашуун адамды эвакуациялоо боюнча алдын ала буйрук берген. Япониянын батыш префектураларында заводдор, мектептер, дүкөндөр, ишканалар убактылуу жабылды. Жүздөгөн авиа жана авто унаа темир жол каттамдары токтотулду. Япониянын метеорологиялык борборунун башчысы Ёсихиса Накамото Хайшен өз күчүн жоготкон жок деп эскертти. «Жаан-чачындын рекорддук көлөмү күтүлөт алып келиши же ири дарыяларда деле күчтүү суу ташкыны болушу мүмкүн»-деп эскертти метеоролог. Айрыкча, дарыяларда дарыяларда катуу суу ташкыны болушу мүмкүн. «Хайшен» супертайфун катары мүнөздөлөт, анын борборунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 80 метрге же саатына дээрлик 290 кмге жетет.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here