Футболчу Азамат Байматов Тимур Файзиевге жооп кайтарды

0
372

Тимур Файзиевдин  түз эфир учурунда футбол деңгээли төмөндөр үчүн акылсыз оюн деген сөзүнө белгилүү футболчу Азамат Байматов жооп берди.

«Сен бир үй саласың, экинчисин саласың, анан эмне? Бул карапайым элге эмне тиешеси бар? Карапайым эл – бул биздин дүйнөлүк күйөрмандар. Алар дүйнө чемпионатынын катышуучулары Японияга каршы оюнга акыркы 500 сомуна билет сатып алып, кыргыз футболчуларын колдоого келгендер. Сен аларды популисттер деп кемсинттиң! Ооба, бизде стадион жок, сиздей пессимисттердин айынан биз эшикте ойноп жатабыз. Эмне үчүн муну жалгыз Салымбеков жасашы керек? Мен сизге муну айтам, сиз кыла албайсыз, анткени сиз пиарчы адамсыз, сиз гив ойнотуп, сүйлөгөндөн башканы билбейсиз! ”, – деп жооп берди Байматов.

Кечээ, 4-сентябрда ишкер Тимур Файзиев футбол “Сиз стадион кура аласызбы?”, -деген суроого “Мен кыла алам, бирок каалабайм. Себеби футбол – деңгээли төмөн адамдар үчүн акылсыз оюн ”, -деп жооп берген.

Булак: факт.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here