Мелисбек: “Аялым Якутияга иштегени кетип, балдарым менен таштап кетти”

1
1977

Мелисбек: “Үйгө кирип аял, эшикке чыгып эркектин жумушун кылам” 37 жаштагы Мелисбек мырза төрт баласын жалгыз багып келе жаткан ата. Жубайы болсо чет жерге иштегени кеткен бойдон келе элек. Көп балалуу жалгыз бой атанын баяны төмөндөгүчө. “Жашоомдо баары жакшы болчу…” Мен Ош облусуна караштуу Өзгөн районунан болом. Үч уул, бир кыздын атасымын. Мектепти артыкчылык күбөлүгү менен аяктап, кийин жогорку окуу жайды да кызыл диплом менен бүтүргөм. Кесибим боюнча юристмин. Бирок кесибим менен иштеген жокмун, окууну аяктагандан кийин эле Оштогу базарлардын биринде дүңүнөн азык-түлүк сатып иштеп калдым. Үй-бүлөнү багыш керек эле да. 22 жашымда эле төрт жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүмө баш кошком. Бизде баары жакшы эле. Үстүбүздө үйүбүз, астыбызда унаабыз, кирешелүү ишибиз… Балдарым азыркыдай мусапыр болбой үйдө күлкүлөрү жаңырып турчу. Ушундай бактылуу жашоом талкаланып, бир заматта астын-үстүн болду да калды. “Жубайым Якутияга кеткен бойдон келбей койду” 2013-жылдары Ошто биз иштеген жерге жаңы көпүрө курулмай болуп, базардагы сатуучуларды шаардын четиндеги Жапалак деген айылга көчүрүшкөн. Жаңы базарыбыз эки дарыянын ортосунда, сатып алуучулар үчүн абдан ыңгайсыз жерде экен. Ушундан улам биздин соодабыз болбой, ошол жердеги жумушчулардын бардыгы банкрот болгонбуз. Мисалы, менин эле жарым миллион сом насыям бар эле. Бирди эки кылайын деп ал акчага товар сатып алып айлантчумун. Ошентип карызымды төлөй албай, анын үстөгү өсүп отуруп эки жарым миллион сом болуп кетти. Ошондо карызды төлөө максатында Орусияга барып иштеп келүүнү ойлоно баштадым. Бирок ал жакта менин ишене турган, таяна турган эч кимим жок эле. Аңгыча эле жубайымды Якутиядагы сиңдиси “аялдарга ылайыктуу жакшы жумуш чыгып жатат” деп чакырып калды. Экөөбүз кеңешип, ал мага да жумуш таап 1-2 айдан кийин чакыра турган болуп Якутияга кетти. Мен аны айласыз эле жибердим. Эшигимди каккылап карыз сурагандардан ушунчалык тажап, мындан улам депрессиялык абалга жетип калган элем. Жубайым барып жумушка орношуп иштей баштады, бирок мени кел деген жок. Анын чакырышын күтүп жүрүп жылдар өтүп жатты. Башында телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз, бара-бара мамилебиз бузулуп кетти. Акырында үй-бүлөлүк жашообузга чекит койдум. “Күнүнө 2-3 сааттан уктайм, ошондо да карыздарымдан кутула албай жатам” Ошентип балдарымдын келечеги, өсүп-өнүгүүсү үчүн эки жыл мурун Бишкекке көчүп келгенбиз. “Ишиң жүрүшпөсө жер котор” деп айтылат го, мен да жер которуп, жаңы жашоо баштагым келди. Оштогу үйүбүздү, унаамды сатып, борбордон 40 миң долларга эки бөлмөлүү батир сатып алганбыз. Ичин өзүбүз оңдоп-түзөмөкпүз. Тилекке каршы, менин тапканым насыядан, балдардын тамак-ашынан ашпай үйдү оңдой албай жатабыз. Кара шыбагы менен эле кирип жашап алганбыз. Кышында аябай суук болот, жылыткыч сайганбызга карабай үшүйбүз. Шаарга келгенде дароо эле машинаны ижарага алып таксиге жумушка орношком. Таксинин жумушу мен үчүн абдан ыңгайлуу да. Каалаган убакта үйгө келип балдарымды карап, тамак-аштарын берип коюп кетип турам. Ошентип күнүнө эки-үч саат гана уктап иштечүмүн. Унаанын бир күндүк ижара акысына 500 сом төлөйм. Башында жакшы болчу, акыркы айларда такси кызматынан пайдаланган адамдардын саны аз болуп кээде ижаранын акысы да чыкпай калып жатат. Насыямдын кагаздары үйүмө тынымсыз келип турат. Биринин шапкесин бирине кийгизип отуруп азыр 250 миң сомдон ашык карызым калган. Ушуну төлөп бүтүп алсам аябай жеңилдеп калат элем. Дагы жакшы, чала бүткөн болсо да үстүмдө үйүм бар, болбосо балдарым менен даана талаада калмак экенмин. “Карындашымдын оорукчан кызын багып алгам” Негизи биз үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Азыр төртөөбүз калдык. Менден кийинки бир карындашым рак оорусуна кабылып, былтыркы жылы каза болуп калды. Анын эки кызы бар эле. Улуу кызы оорукчан. Ал биринчи турмушунан болгону үчүн апасынан айрылгандан кийин мен багып алгам. Өгөй атанын колунда өскөнүн каалаган жокмун чынында.Өзү да кичинесинен бизге жакын өскөнгө “таякеме кетем” деп туруп алыптыр, мени аябай жакшы көрөт. Кызым тубаса биринчи топтогу майып. Эки козү эки жакты карап турат, отуз пайыз эле көрөт. Ар үч ай сайын Орусияга алып барып дарылатып турабыз. Мындай дарылоо курсу кызымдын көзүнүн көрүүсүн жакшыртпайт, жөн гана ошол абалда кармап турганга жардам берет. Орусиядагы карындашым дайым тосуп алып, дарылатып, кайра Кыргызстанга жиберип турат. Операция жасаталы десек, доктурлар жашы жете электигин айтып жатышат. Азыр кызым 9 жашта, операция болсо 16-17 жаштарында жасалуусу керек экен. Эгерде азыр жасатып салсак көзүнүн майда кан тамырлары жарылып, кийин көзү такыр эле көрбөй калуу коркунучу бар экен. “Балдарым үчүн ашкана сырларын да өздөштүрдүм” Өзүмдүн балдарымдын улуусу 14, кийинкилери 12, 8 жаштарда. Учурда улуу балам Ош шаарындагы футбол академиясында окуп, ошол жакта жашайт. Өз күчү менен бюджетке өтүп кеткен. Кичүү уулдарым да мектепте алдыңкы окуучулар, көз тийбесин. Кызымды болсо быйыл атайын мектепке бергени турам. Балдарым көп нерсени билишпейт, “апаңар Орусияда, келет” деп эле коём. Алардын психологиялык жактан травма алып калууларын каалабайм. Беш жылдан бери апасы жок жашоого деле көнүп калдык окшойт, апасын сурашпайт деле. Мага баарынан кыйын болгону, балдарымдын ооруп калган учурлары болгон. Аял киши бала ооруса деле бир нерселерди шыбай коюп айыктырып алат эмеспи. А мен улам ооруканага жөнөчүмүн. Азыр эми балдарым чоңоюп, ал оор күндөр артта калып баратат, өзүм да тажрыйбалуу болуп калдым. Мурда ашканага тамак ичерде эле баш баксам, азыр балдарым үчүн ашкананын сырларын терең үйрөндүм. Балдарың ачка, сени карап отурса үйрөнөт экенсиң да. Бирде камырды таштай катуу кылып алып, бирде ачыткы кошконду унутуп калып жүрүп азыр камыр жууруп, нан бышырган жагынан да уста болуп калдым. Кийин тун уулума үйрөтүп, мен жумушта жүргөндө ошол жардам берчү. Ал Ошко кеткенде кадимкидей колум кыскарып, чолоктой болуп калдым. Азыр ортончу уулума үй жумуштарын үйрөтүп жатам. Жакындарым, досторум “үйлөнүп албайсыңбы?” деп көп айтышат. А менин азыркы максатым ал эмес. Адегенде, үйүмдү бүтүрүп балдарыма шарт түзүп, аларга татыктуу тарбия менен туура багыт берүү болуп эсептелинет. Мелисбекке жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом номери: 0553 49 50 70

Айгерим Токтобай кызы

Булак:lady.kg

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here