Тургундар моргдо өлүктү сойбоо үчүн ачык эле акча талап кылышканын айтышты

0
2056

Бишкек жана Оштун тургундары COVID-19дан каза болгон туугандарынын сөөгүн моргдон сатып алышууда. Бул тууралуу журналисттерге жабырлануучулар билдиришти.

Белгилей кетсек, Нормативдик укуктук актыларга ылайык, коронавирустан улам каза болгондордун сөөгү милдеттүү түрдө жарып көрүлөт.

Бишкек шаарынын жашоочусунун айтымында, 7-июль күнү күндүзгү ооруканалардын биринде анын агасы каза болгон. Буга байланыштуу ал иниси менен бирге Сүйөркулов (мурунку Донецкая) көчөсүндөгү моргго барып, ал жерде моргдун кызматкерлери тарабынан жургүзүлгөн мыйзамсыз иши-аракеттерге күбө болушкан.

«Биз агамдын ушул оорудан улам каза болгонун жана сөөктү жарып көрүүнүн кажети жок экенин билебиз. Мындан тышкары, биз мусулманбыз. Динибизде сөөктү жарып көрүүгө тыюу салынган. Бирок биз ачык опузалоого дуушар болдук», — деди Бишкек шаарынын тургуну.

Анын иниси моргго кирип чыккандан кийин дарыгерлер сөөктү жарып көрбөө үчүн 300 АКШ долларын сураганын айткан

«Дарыгер ачык эле эле 300 доллар алып келсең өлүк союлбайт. Болбосо, сөөктү ала албайсың, ал бардык процедуралардан кийин башка маркумдар менен кошо көмүлөт. деген. Жыйынтыгында биз айтылган акчаны берип, сөөктү алып кеттик», — деди ал.

Күбө ушундай эле окуя анын кошунасында да болгонун кошумчалап, андан дарыгерлер 800 доллар алганын айтты.

«Менин досумдун атасы да каза болуп калып, өзү ооруканда иштегендиктен дарыгерлер менен сүйлөшүп 2500 сомго алып кетиптир»,- деп маалымдады тургун.

Ош шаарынын тургуну Хулкар Исамова дарыгерлер анын уулунан атасынын өлүгүн сойдурбоо үчүн акча талап кылганын жазды.

«Бүгүн уулум өлүкканадан атасынын сөөгүн сатып алышканын айтты. Сойбош үчүн алардан 20 миң сом сурашкан. Бирок уулум 10 миң сомго сүйлөшүп, санитаркаларга 3 миң сом (башында 6 миң дешкен) беришкен. Тергөөчүнү 4 саат күтүшкөн деп жазган Исамова.

Родственники умерших жалуются на вымогательство в морге, чтобы не проводили вскрытие

Бишкектеги моргдун тиешелүү жетекчилиги акча талап кылынган деген сөздү четке кагып, Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, коронавируска чалдыккан өлүктөрдүн баары милдеттүү түрдө союла турганын билдирди.

Ал эми Ош шаарынын моргунун жетекчиси Нуркамал Даминов бул иш боюнча кызматтык иликтөө өткөрүлө турганын, күнөөлүүлөр жазасыз калбарын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here