Бишкекте жолдошу тарабынан барымтага алынган аялды куткарган милиция кызматкери кайтыш болду

0
912

Жолдошу тарабынан барымтага алынган аялды куткарган Биринчи Май РИИБинин 5-бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев кайтыш болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Улан Жумаков маалымдады.

Эркин Жаанбаевдин эмнеден улам каза болгонун тактоо үчүн Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, азырынча маалымат жок экенин айтышты.

17-июнда Бишкектеги Ден-Сяопин көчөсүндө мас абалындагы жаран аялын барымтага алган. Анда ал аялынын моюнуна бычак такаган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, Эркин Жаанбаев мас киши менен кармашып, кармашуунун техникаларын пайдаланып аны куралсыздандырган. Андан кийин кармалган жаран Биринчи Май РИИБине жеткирилген. Ал эми жабырлануучу аялга «Тез жардам» кызматы чакыртылып, ал Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Кийинчерээк аял каза болгон.
Булак: super.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here