«Короновирус коркунучтуу оору экен» деп кайрылуу жасаган милиция кызматкери каза болду

0
1316
Бир нече күн мурун милиция кызматкери коронавирус менен ооруп жатканын, ал абдан опурталдуу илдет экенин айтып кыргызстандыктарга кайрылган видео тараган.
Ал Бишкекте Ленин РИИБнин КМКнын кызматкери, милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакунов экени аныкталды. Белгилүү болгондой, ал бүгүн коронавирустан улам каза болду.
Маалыматка ылайык ал ооруп жаткан учурда Улуттук ооруканада дарыланып жаткан.
«Ага коронавирус жугуп калган, өтүшүп кеткендиктен каза болду»-деп билдиришти кесиптештери. Б.Элакунов 36 жашта болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here