Чагылган тийип бир күндө 107 адам каза болду

0
870

Индияда бир күндө чагылганга кабылып 107 адам каза болду. Бул тууралуу Times of India  гезити жазып чыкты.

Гезиттин маалыматында Бихар штатынан 83 жаран, ал эми Уттар-Прадеш штатынан 24 адам чагылганга кабылып каза тапкан. Каза тапкандардын көбү талаада иштеп жатканда чагылган түшкөн. Буга чейин метеорологдор аба ырайынын өзгөрүшү эскертишкен. Бирок күнүмдүк көр оокат менен алышкан калк аны капарына албаганында болуп жатканын баса белгилешет.

Жаратылыш коопсуздугунун департаментинин кызматкери Санди Кумар  жабырлануучулардын үй-бүлөсүнө 5,3доллардан компенсация берилерин билдирди.

Булак:kompromiss.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here