Кыргыз- Кытай — Өзбекстан темир долбоору башталат

0
259

Анда тараптар бардык келишимдерге жетишкенин, долбоорго жалпы 4,5 миллиард доллар кетерин айткан. Ал эми  долбоорду каржылоого Орусия жана Өзбекстан колдоо көрсөтөт.

17-июнда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Жыйында мамлекет башчы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору жөнүндө маалымат алган.

2002-жылы Бээжин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келатат. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүүлөр жанданган.

Булак: komromiss.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here