Ээсине жептеген 2,5 миллиард кайда житип кеткен?

0
250

Эсеп палатасы кезектеги текшерүүүнүн жыйынтыгы менен 2019-жылы мамлекеттик органдар 2,5 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуу катталганын аныктап чыгышты.  Бул тууралуу Эсеп палатанын төрагасы Улукбек Марипов ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетине өткөн жылдагы иши тууралуу отчётунда билдирген.

Анын маалыматы боюнча, былтыр мамлекеттик мекемелерге 141 аудитордук текшерүү жүргүзгөн. Аудиттин жыйынтыгы боюнча өз максатында пайдаланылбаган каражаттардын көлөмү 2,5 миллиард сомду түзгөн. Тилекке каршы анын ичинен 80 миллион сому кайра кайтарылгандыгын баса белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле аудитти өткөрүүнүн механизмдерин жакшыртуу тууралуу суроолорду беришти.

Натыйжада тармактык комитет Эсеп палатасынын 2019-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчётун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алды.

Булак: kompromiss.kg

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here