Сузакта кордук көргөн аял жолдошун кечиргенин айтып, тосмо арыз жазып берди

1
1682

Социалдык тармактарга аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы белгилүү болгон. Сузак районунун 51 жаштагы Б.З.  аттуу тургуну үйүндө 47 жаштагы. М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап муздак суу чачкан. Анын мындай жоругуна жубайы эки күн бир тууган эжесинин үйүндө түнөп келгени себеп болгон.

Бул окуя Сузак РИИБинин КЖБРине КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Видеотасмадагы Б.З. аттуу эркек киши 11-июнда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган. Анын тосмо арызы жолдошун жоопкерчиликтен куткарабы деген сурообузга Жалал-Абад ОИИББи аны сот чече турганын маалымдап, учурда тергөө жүрүп

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Нечего, жатсын чирип турмодо. Кимге мактанганы. 47 жаштагы аял азыр кыздай эле журот, 60 тагы аялдай кылып картайтып бакканына бы мактанды. ОЗУ кандай болсо, ошондой элестетти да.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here