Айдоо аянттарын чегиртке каптоо коркунучу бар

0
60

Адистердин божомолунда быйыл чегиртке капташы мүмкүн. Чегирткенин капташы бир гана айыл чарбага эмес, экономикага, социалдык турмушка жана тамак-аш коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин сайтында жазылган.

Алдын ала божомолдоолорго караганда, ушул жылы Кыргызстанда 120 миң гектар жерди чегиртке капташы күтүлүп жатат.

Министрликтин өсүмдүктөрдү коргоо жана пестициддерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакуновдун айтымында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунун көпчүлүк райондору илгертен бери эле чегиртке «басып алып» жүргөн аймактар болуп эсептелет.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, коңшу өлкөлөрдү (Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан) жана региондорду (Түндүк Африка, Жакынкы чыгыш, Араб жарым аралы, Индия, Пакистан, Иран) каптап кеткен чегиртке бизге деле келиши толук ыктымал.

«Азыр коңшу өлкөлөрдө тарап жаткан чегиртке көчүп жүрүүчү түрүнө кирет. Ошол себептүү биздин өлкөгө келип калуу коркунучу бар. Булар жашыл нерсенин баарын жейт. Бир өтүп кеткен жеринде эч нерсе калбайт», — деди адис.

Учурда ведомствонун кызматкерлери чегиртке личинка таштаган аймактарды таап, аларды жок кылуу боюнча иштерди аткарып жатат.
Күн ысыгына сайын чегирткелер көбөйтүүнү шарт түзүлөт. Андыктан ар бир дыйкан өз айдоо аянттарына көз салып туруусу зарыл.

Булак: komromiss.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here