АКШ Жакынкы Чыгыштагы согушту улантууну каалайбы?

0
116

Европа Биримдиги Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык планын четке кагып, зарыл болсо Израилдин палестин жерлерин мындан ары да аннексиялоо аракетине тоскоол болорун билдирди. АКШ президенти өз планын өткөн аптада жарыялаган.
ЕБнын тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррель биримдик Израилдин дагы, «көз карандысыз, демократиялык, суверендүү жана туруктуу палестин мамлекетинин дагы болушун жактай турганын» тастыктады.
“Америка Үнү” маалымат кызматы билдиргендей, план палестин мамлекетин түзүүнү эске алганы менен, ал палестиндердин минималдык талаптарына жооп бербейт, Израилдин кызыкчылыгын жактайт.
Дипломат Жозеп Боррель Израилдин палесин жерлерин аннексиялап алуу аракети “жоопсуз калбайт” деп эсептейт. Ал тынчтыкка жетишүү үчүн палестин мамлекетинин чек арасын белгилөө маселесин жөнгө салып, Иерусалимдин макамын чечиш керек деген пикирде.
Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас Трамптын планын “маңызсыз” деп атаган-деп жазып чыккан Борбор Азия Жаңылыктар кызматы.

Булак: Kompromiss.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here