ЧҮЙ ОБЛУСУНУН АРАШАН АЙЫЛЫНДАГЫ ПОСТО ОК ЧЫГАРЫЛДЫ

0
974

Арашан айылында посттон өтөм деп ок чыгаргандар боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлады.

Маалыматына ылайык,  18-апрель күнү түшкө маал 10 чакты киши Арашан айылында жайгашкан посттон өтүүгө аракет кылышкан. Жергиликтүү тургундар менен ыктыярчылар аларды өткөрбөй койгондуктан ортодо чыр чыгып, посттон өтөбүз дегендер ок атып, туш тарапка качып кетишкен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here