Каракол шаарында бейтааныш жаран 13 жашар кызды бычак көргөзүп коркутуп дүкөндү талкалап кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, жергиликтүү тургун белгисиз жаран азык-түлүк дүкөнүндө иштеп жаткан 13-жашар кызына бычак такап коркутуп айнек текчелерди сындырып кеткенин айтып арыз менен кайрылган. Окуя түнкү саат ондор чамасында болгон. Ал адам түндө кайрылып келип бүт үй-бүлөнү өлтүрө турганын убада кылганы айтылат.

Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталып, тез эле 38-жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Сурак учурунда кылган күнөөсүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Булак:komromiss.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here