Зарина: «Кыздык тиктирип абийиримди жапсам мурунку жигитим мас болуп ачып салды»

0
4156

Турмушка чыгарда мурунку жашоосун жашыргысы келген кыз гименопластика (кыздыкты калыбына келтирген операция) кылдырган, тилекке каршы жолдошу келинчегинин ага чейинки кылыктарын угуп таштап кеткен. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Окуянын каарманы болгон 21-жаштагы Зарина жолдошуна кыз экенин далилдеп берген. Чынына келгенде Зарина турмушка чыкканга чейин эле башка жигиттер енен жыныстык катнашта болуп келген. Ал эми болочоктогу жолдошу менен жарым жыл мурун таанышып ага ак экенин айтып келген. Ал болочоктогу жолдошу жагып калгандыктан анын сунушун кабыл алып, андан мурунку жашоосун жашыргысы келген. Тойго аз калганда гименопластикага барып баарын тазалагандай болгон.
-» Тойго жакындаганда кыздык тиктирип алгам. Чынын айтсам жолдошумду абдан катуу жактырганымдан аны жоготуп алуудан корктум. Ал менин мурунку жашоомду билсе таштап кетчүдөй сезилди. Жаштык ылдыйкы айтор 18- жашымда эле жигиттер менен жыныстык катнашта боло баштагам. Оюмда азыр эч ким кыздыкка кызыкпайт дептирмин. Тилекке каршы жолдошум эскиче көз карашта экен. Бир жолу сүйлөшүп отуруп ал күнөөсүз кыз алышым керек деп айтып алды. Демек ою ачыкталып калган. Ал мага турмушка чыгуумду сунуш кылганда мен макул болдум. Анан тойго жакын кыздык да тиктиргенге үлгүрдүм.
Карантинден улам тоюбуз саналуу гана адамдар менен болду. Кайын журт тарабынан көпкө турган жокмун Карагандадан Нур-Султанга кеттик. Биз мурда да Нур-Султанда иштегенбиз. Мен кыздар менен бирге батирде жашачубуз. Ал болсо иштешкендери менен жашаган. Үйлөнгөндөн кийин батирге чыктык. Өзүбүзчө үйлүү болууга документ да камдай баштаганбыз. Баары жакшы нукта кетип жаткан. Бирок менин жашоодогу жигит аны менен бирге иштеп калып жашырган сырымды ачыкталып калды. Жолдошум Карагандадан бирөө чогуу иштей баштаганын айтып конокко чакырып калды. Баягы коногубуз бир кезде беш мүнөттүк кумар үчүн жолугуп жүргөн Самат болуп чыкты. Экөөбүз тең ыңгайсыз абалда калдык. Жолдошум биздин көз караштардан шекшип бизди суракка алды. Биз болсо окуучу кезде кат жазышып сүйлөшүп калганбыз деп кутулдук. Кечки маанай бузулду.

Ал ошол менен унутулган. Арадан көп өтпөй жумушунда начальнигинин туулган күнү болуп эркектер саунага барышыптыр. Ал жактан жинденип келиптир. Көрсө Самат менен ичип отуруп мас болуп алып мени менен болгон мамилени айтып, экөө мушташ канга чейин барган экен. Жолдошум үйгө кирер менен бетке бир муштап кийимдеримди жыйнап чыгып кетишимди талап кылды. Мени алдаганым үчүн кечирбей турганын айтып эшикти жаап алды. Курбу кыздарымдыкында жашап жатам. Мен чоң ката кетирдим. Жолдошум кепке сөзгө келбей жатат. Азырынча ажырашууга арыз бере элек жана биздин ортодогу урушту эч ким билбейт. Балким кайра элдеринин калабызбы деген үмүтүм бар.

Булак:komromiss.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here