Аркарбек Мамытов :»Жаңы жүздөр менен жаңыланууга кадам таштайбыз»

0
1138

— Саламатсызбы Аркарбек мырза, «Жаңы жүздөр» коомдук бирикмесин эмне максатта түздүңүздөр?
— Бирикменин аты айтып тургандай элдин жүгүн көтөрүүгө даяр, жаш болсо да тажрыйбалуу, таза, билимдүү жаңы жүздөрдүн баштарын бириктирүү максатында түзгөнбүз. Отуз жылдан бери саясатта, бийликте жүргөн эски жүздөрдөн эл тажап бүттү, андыктан эскилерди жаңы жүздөргө алмаштыруу учуру келди. Биз жаңы жүздөр эски жүздөрдү саясий аренадан сүрүп чыгабыз. Жетишет ушунча жыл мамлекеттин, элдин байлыгын талап, тоноп келишти. Качанкыга чейин эле буларга алданып жүрө беребиз? Элибиз өзгөрүүнү, өнүгүүнү каалап турат. Кыргызстандын эли өнүккөн өлкөдө, гүлдөгөн мамлекетте жашоого татыктуу.
— Шайлоо жакындап калды, шайлоого аттанасыздарбы?
— Албетте шайлоого аттанабыз. Быйылкы парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн тагдыр чечүүчү шайлоо болот. Элибиз бул ирет жаңылбай, туура тандоо кылат деп ишенем. Эгерде бул ирет дагы эскилерге алданып, кайра эле аларды шайлап ала турган болсок, анда мамлекетибиздин келечеги күмөн. Эгерде элибиз жаңы жүздөрдү тандап, шайлоодо добушун берсе, анда биз элдин жүгүн көтөрүп, өлкөбүздү өзгөртүүгө даярбыз. Буга биздин билимибиз дагы, тажрыйбабыз дагы жетет.
-Эскилер кайра эле бийликке жетүү үчүн жаңы партияларга кошулууга аракет кылышат эмеспи, андай адамдар «Жаңы жүздөргө» аралашып кетпейби?

— Бизге кошулууну каалагандардын баарынын саясий санжырасын карап, алардын буга чейин аткарган иштерине сереп салып, коомчулукта ал адамдын артында кандай сөздөр айтылып келгенинен бери талдап жатабыз. Антпесек бир адамдын артынан биздин бирикменин атын булгап алышыбыз мүмкүн.
-Шайлоого  жакын баардык саясий партиялар куру убадалар менен коомду тойгузуп,  шайлоодон өтүп алгандан кийин унутуп калышат. Булардан кантип айырмаланып турасыздар?
-Бүгүнкү күндө кыргыз парламентинин алтынчы чакырылышы  бийликте  отурушат. Булар шайлоо алдында укмуштуудай убадаларды берип, элдин башын айлантып добуштарын алышкан. Өткөн 2015-жылдагы шайлоодо жүз миңдеген жумуш орундарды түзөбүз, илбирстин секиригиндей экономикалык секирик жасайбыз, элүү миң сом сүйүнчү пул беребиз деген сыяктуу куру убадаларды беришкен. Алардын бирин дагы аткарышкан жок. Быйылкы шайлоодо кайра эле ошолор элге барып, кайра эле кабаттаган убадаларды беришет. Элибиз мурунку убадаларды унута элек деп ойлойм. Бул жолу алданбайт деп ишенем. Чынында эскилер элдин мүдөөсүн аткаруу үчүн эмес, өзүнүн бизнесин, элден уурдаган байлыгын коргош үчүн шайланып келишкенин көрдүк. Булардан айырмаланып биздин чоң-чоң бизнестерибиз жок, уурдап байыган байлыгыбыз жок. Биздин максат отуз жылдан бери өзгөрүүсүз келе жаткан системаны өзгөртүү. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбаларын жайылтуу. Эң башкысы мамлекетибизди оор абалдан сууруп чыгуу. Элибиз колдоп парламентке келип калсак мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна кедергисин тийгизе турган мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди кайра карап чыгабыз. Кандай гана эл аралык келишимдер болбосун биринчи кезекте биздин мамлекетибиздин кызыкчылыгы турушу керек. Биздин максаттардын дагы бири мыйзамсыз менчиктештирүүгө кеткен мамлекеттин мүлктөрүн калыбына келтирүү, баардыгын ревизия кылып мамлекеттин байлыгын мамлекеттин колуна өткөрүп берүү. Баймын деп отургандардын басымдуу бөлүгү мамлекетти талап, тоноп байыгандар экенин эл жакшы билет.
-Көпчүлүк учурда шайлоого жакын түзүлө калып шайлоодон өтпөй калса тарап  кеткен партиялар да жок эмес. Сиздерде  мындай кооптуу кырдаал жокпу?

— Биз бийлик, байлык үчүн бириккен жокпуз. Бизди мамлекетибиздин кейиштүү абалы, балдарыбыздын эртеңки келечеги бириктирди. Өлкөнү өзгөртүү үчүн жаңы жүздөр, жаңы күчтөр келиши керектиги бүгүнкү күндүн талабы болуп турат. Андыктан биз шайлоо жолу менен мыйзамдуу түрдө парламентке келип, элдин мүдөөсүн ишке ашыралы деп турабыз. Албетте катуу аракет кылабыз, элдин колдоосуна ишенебиз.
— Элдер шайлоого ишенишпейт, ким өтөөрүн шайлоо комиссиясы эле чечип коёт деп эсептешет, чын эле ушундайбы?
— Мен акыркы шайлоолордо участкалык шайлоо комиссиянын төрагасы болуп иштегем. Азыркы автоматташтырылган урналар ар бир берилген добушту так эсептеп берет. Бир адам бир гана жолу добуш бере алат. Андыктан шайлоочу кайсы партияга добушун берсе, ошол партияга гана эсептелет. Ошондуктан шайлоочулар шайлоого катышып, өздөрү тандаган партияга добушун берсе болот. Алардын добушун эч ким уурдай албайт. Эң башкысы шайлоочулар туура тандап, добушун арзыбаган миң сомго сатпаса болот эле. Биз добушубузду сатуу менен мамлекеттибиздин, балдарыбыздын келечегин талкалап жатканыбызды түшүнүшүбүз керек. Демек, мамлекетибиздин тагдыры, элибиздин келечеги шайлоочулардын өз колунда. Куру убадаларга, анча-мынча белек бечкекке же акчага азгырылбай, терең ойлонуп туура тандоо кылууга чакырат элем.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here